Жаңылыктар
28.06.2025 15:50
Кароолор: 259
АЛМАЛУУ АЙЫЛЫНДА ЭЛЕКТР МАМЫЧАЛАРЫ БЕКЕМДЕЛИП, КООПТУУЛУК ЖОЮЛДУ
Такыр-Төр көлүнөн жаралган кырдаалдан соң, 28-июнда РЭТтин кызматкерлери тарабынан Алмалуу айылынын электр мамычаларынын түбүн бекемдөө иштери жүргүзүлүп, кооптуулук жоюлду.
Кошумча Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата унаа жолуна нөөмөттө турган КР ӨКМден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, №43 ЖТИден 1 грейдер, жалпы 6 техника тартылып, тазалоо иштерин аткарууда.
Агып жаткан суунун көлөмүнөн өзгөрүү жок 3-4 м3/с түзөт.
Эске салсак, 2025-жылдын 27-июнь күнү Ысык-Ата районундагы “Такыр-Төр” бийик тоолуу көлү жырылып, Алмалуу, Горная-Серафимовка, Нижняя Серафимовка айылдарын аралап өтүп, Алмалуу айылында 1 көпүрөнү агызып, жол жабылган. Ошондой эле Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата унаа жолуна, дачаларды, көпүрөлөрдү, жана карылар-үйүнүн дарбазасын суу каптап кетүү коркунучун жараткан.
КР ӨКМПРЕСС-БОРБОР