Жаңылыктар
05.02.2025 16:51
Кароолор: 546
АЛКЫШКА ТАТЫГАН ЭМГЕК!
Бүгүн, 5-февраль күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Эрнест Жусуповго жана тилсиз жоонун мизин кайтарган өрт өчүрүүчүлөргө министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин “Ыраазычылык каты” тапшырылды.
Өмүр сактаган куткаруучулар ушул эле жылдын январь айында Бишкек шаарынын Н.Исанов көчөсүндө көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өз мезгилинде өчүрүп, адам өмүрүнүн коопсуздугун сактап калышкан. Тилсиз жоо чыккан аймактан 60 жашоочу эвакуацияланган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР