Жаңылыктар
06.10.2023 14:24
Кароолор: 731
Алдыңкы орунга автоунаа!
АЛДЫҢКЫ ОРУНГА АВТОУНАА!
КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ЖАРЫЯЛАНГАН БИР АЙЛЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган 5-сентябрдан 5-октябрга чейинки бир айлыктын алкаганда жүргөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы 1-орунду, Бишкек шаары боюнча башкармалыгы
2-орунду, ал эми Талас облустук башкармалыгы 3-орунду ээледи. Ошентип жыл сайын өтүүчү иш-чарада салтка айланган “Өтмө Туу” ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.
Бүгүн борбор калаада бир айлыктын жыйынтыгы боюнча өткөң илимий-практикалык конференцияда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев алдыңкы орундарды алган башкармалыктын жетекчилерине салтанатуу түрдө сыйлыктарды тапшырды. Алсак, 3-орунга акыркы үлгүдөгү ноутбук принтери менен, 2-орунга “HOLMATRO” үлгүсүндөгү авариялык-куткаруу шайманы, 1-орунга “Лада Нива Легенд” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.
Мындан сырткары генерал-майор Б. Ажикеев адам өмүрүн сактоодо ыкчам жана натыйжалуу профессианалдуулукту көрсөткөндүгү үчүн ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядына “Мерседес – Бенц Спринтер” унаасына сертификат тапшырды.
Ошондой эле министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов Б. Ажикеевдин атынан сыймыктуу сыйлык катары баалуу белектерди кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып, ишинде ийгилик жараткан алдыңкы 3 куткаруучуга да тапшырды.
Өз сөзүндө министр: “Айттырбай келген кырсыктан сактануу, алдын алуудагы калктын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чаралар ар бир регион, айылдын тургунуна чейин жетүү керек. Биз ошондо гана адам өмүрүн, материалдык байлыктарды сактап кала алабыз. Сиздердин бул багытта жасап жаткан ишиңиздер жигердүү уланып, өз натыйжасын берет”-, деп ишеним артты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР