Жаңылыктар

04.03.2024 16:25

   Кароолор: 602

АЛДЫН АЛУУ! КУТКАРУУ! ЖАРДАМ ! МОСКВАДА XXXIV ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

АЛДЫН АЛУУ! КУТКАРУУ! ЖАРДАМ !

 

МОСКВАДА XXXIV ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

 

Россия Федерациясынын Москва шаарында 1-март Бүткүл дүйнөлүк жарандык коргонуу күнүнө карата “Жарандык коргонуу тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо” аталышындагы VIII Эл аралык илимий-практикалык конференциясы жана “Алдын алуу Куткаруу Жардам” салттуу урааны астында XXXIV Эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү.

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Сербия, Вьетнам, Ирак, Россия, Кытай, Индия, Тажикстан, Өзбекстандын куткаруу кызматтарынын жана чет өлкөлүк илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Башкы катчысы Нжупуо ЯП Мариату катышты.

Конференцияда жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан, согуш мезгилиндеги коркунучтардан коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана чыңдоо, бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда өлкөлөр ортосундагы куткаруу кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруунун координациялоо формалары жана ыкмалары талкууланды.

Кыргызстандын атынан барган Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер көчкү процесстери жана тобокелдиктери» боюнча баяндама жасап, бул багытта жүрүп жаткан иштерге токтолду.

Иш-сапардын алкагында министрдин орун басары Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинин генерал-лейтенант Д. И. Михайлик атындагы Жарандык коргонуу Академиясына барды. Анда окуу жайда учурда билим алып жаткан кыргызстандык курсант жана угуучулардан кабар алды.

Мындан тышкары, аспирантурага (Адъюнктура) квоталарды көбөйтүү, кошумча билим берүү программалары боюнча квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, учурда аталган академияда кыргызстандык 24 курсант жана 10 угуучу билим алат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу