Жаңылыктар
12.05.2026 11:57
Кароолор: 51
АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ:ПАПАН АЙЫЛЫНДА 140 ТУРАК ҮЙ СЕЛДЕН КОРГОЛОТ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында ӨКМ тарабынан селдин алдын алуу иштери жүрүүдө.
Табигый кырсыктардын алдын алуу иштерине бүгүн атайын техника тартылып сел өтүүчү каналдар тазаланды.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 140 турак үй сел каптоо коркунучунан корголот.
ӨКМ жарандарга эскертет:
Арыктарды жана каналдарды таштандыдан тазалаңыз.
Жамгыр катуу жааган күндөрү тоого чыгуудан абайлаңыз.
Коопсуздук эрежелерин сактап, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз!
Кырсык катталган учурда дароо
112 номерине чалыңыз.