Жаңылыктар

05.08.2025 22:40

   Кароолор: 344

АЛДЫН АЛА МААЛЫМАТ БОЮНЧА ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН АДАМ ӨМҮРҮНӨ ЗЫЯН КЕЛТИРИЛГЕН ЖОК

Саат 22:05ке карата маалымат:

✅ӨКМдин Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жер титирөөдөн жабыркагандар боюнча Жарандык коргонуу комиссиясы 3 тайпага бөлүнүп жеринде иштеп жатат.

✅Базар-Коргон районунда жер титирөөдөн жабыркагандар боюнча райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө, натыйжада Арстанбап-Ата айыл аймагынан 2 турак үйдүн дубалынан жаракалар пайда болгон.

✅ Сузак районунда жабыркагандар боюнча райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө, натыйжада Кыз-Көл а/а №32 орто мектебинин *спорт залынын* дубалдарынан жаракалар пайда болгон.

✅Учурда Таш-Көмүр шаарында жана калган райондордо кыйроолор болгон жок.

Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

Белгилей кетсек, аталган облуста бүгүн саат 19:44тө күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу