Жаңылыктар
28.09.2023 09:56
Кароолор: 352
Алдыдагы күз-кыш мезгилине республикалык деңгээлде даярдык көрүү отуруму өттү
Кечээ, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна кирген министрликтердин, ведомстволордун жана ӨКМдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышкан отуруму өттү. Отурумга 2023-2024-жылдын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча облустардын жетекчилери, шаар мэрлери, райондук администрациялардын акимдери онлайн режиминде катышышты.
Анда облус жетекчилери өлкө аймагындагы социалдык объекттерин кыдырып, жылытуу мезгилинде буу казандарынын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн оңдоолордон өткөрүү, отун менен камсыздоо, буга кошумча генераторлорду алуу көйгөйлөрүн көтөрүштү.
Отурумдун жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов өлкө аймагындагы социалдык объекттерди, шаар-райондордогу от казандарынын абалын жеринде көрүүнү тиешелүү тармактын өкүлдөрүнө тапшырды. Анын айтымында, жылытуу системасындагы көйгөйлөрдү жеринде көрүү менен күз-кыш мегилине даярдануу, энергетика тармагындагы абалды тактоо, өзгөчө кырдаалдарды жоюу көздөлүүдө.
Машыгуунун алкагында алгач КРнын Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар, Билим берүү министрлигине тиешелүү жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери, ошондой эле башка министерликтердин, ведомстволордун объекттеринин даярдыгы каралууда.
Белгилей кетсек, “Жарандык коргонуунун 2023-жылга даярдык планынын” негизинде Жарандык коргонуунун абалын баалоо жана текшерүү боюнча Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун буйругу жана Министрлер Кабинетинин жыйынын протоколдук тапшырмасы менен алдыдагы кыш мезгилинде калкты жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана табигый өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында 25-сентябрдан 6-октябрга чейин өлкөдө күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча республикалык машыгуу башталган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР