Жаңылыктар

25.09.2023 12:19

   Кароолор: 687

Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча республикалык деңгээлдеги машыгуу башталды

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратында “Жыйын” айгайы менен Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна кирген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле ӨКМдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү келишти. Күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча облустардын, шаарлардын мэрлери, райондук администрациялардын акимдери онлайн режиминде катышышты.

Жыйында республика боюнча жылуулук тармактарынын иштөө шарттарын кылдаттык менен көзөмөлдөө маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кырдаалдар борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев белгилегендей, “Жарандык коргонуунун 2023-жылга даярдык планынын” негизинде Жарандык коргонуунун абалын баалоо жана текшерүү боюнча Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, келе жаткан кыш мезгилинде калкты жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана табигый өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында 25-сентябрдан 6-октябрга чейин өлкөдө күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча республикалык машыгуулар өткөрүлмөкчү.

Учурда профилактикалык иш-чаралардын комплекси иштелип чыкты. Пландын аткарылышын атайын комиссия көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, республика боюнча жылытуу мезгилинде буу казандары үзгүлтүккө учурабашы иштөө жөндөмдүүлүгү текшерилет.

Бул машыгуунун алкагында үстүбүздөгү жылдын январь айында Майлуу-Суу шаарында болгон өзгөчө кырдаалдардын мисалында күз-кыш мегилиндеги табигый кырдаалга даярдык көрүү, энергетика тармагындагы абалды тактоо, өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында ар кандай учурлар симуляцияланат.

Ошентип, ар бир район, шаарларда республикалык, облустук жана райондук децгээлдеги «Кыргызжылуулукэнерго» системаларын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлөт.

Мындан тышкары, республиканын бардык социалдык маанилүү объекттери бул – мектептер, мектепке чейинки билим берүү жана медициналык мекемелерге, карылар жана майыптар үчүн адистештирилген үйлөргө жылуулук берүүчү түзүлүштөр өрт коопсуздугунун стандарттары жана эрежелерине ылайык текшерүүдөн өткөрүлөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу