Жаңылыктар
22.01.2024 10:10
Кароолор: 1410
АЛАМҮДҮН: ЖОГОЛГОН ЖИГИТТИ 297 АДАМ ИЗДӨӨГӨ ЧЫКТЫ
Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кайрадан 22-январда улантылды.
Бүгүн жалпы 297 адам чыкса, анын 174ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу. Алар 6 дрон, 17 техника менен капчыгайда издөө ишин башташты. Ал эми ИИМдин 120 адам 1 дрон, 4 техника менен, "Инсараг" издөө-куткаруу тобунун 3 куткаруучусу 3 дрон, 1 техника менен чыгышты. Жалпы 22 техника тартылды.
Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.
Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР