Жаңылыктар

20.01.2024 09:07

   Кароолор: 316

АЛАМҮДҮН: КОШУМЧА КҮЧ ТАРТЫЛЫП, 250 АДАМ ИЗДӨӨГӨ ЧЫКТЫ

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөөгө 20-январь күнү улантылды. Бүгүн саат 09:00гө карата жалпы 195 адам болсо, саат 13:00гө карата 250 адам издөө ишин баштады. Анын 145и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, курамында кинолог ити менен, 6 дрон, 3 ат, 100 ИИМдин кызматкерлери жана 5 волонтер катышты. Жалпы 18 техника тартылды.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январды караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу