Жаңылыктар

03.06.2024 15:30

   Кароолор: 473

АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫНДА ЖОГОЛГОН МУКАМБЕТАЛЫНЫ ИЗДӨӨ ИШИ КАЙРАДАН ЖАНДАНДЫРЫЛДЫ

Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 2024-жылдын 13-январынан бери дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталыны издөө иши жакындарынын кайрылуусунун негизинде кайрадан жандандырылды.

Бүгүн, 3-июнь күнү издөө ишине ӨКМден 34 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 куткаруучу 2 дрон менен чыгышты.

Мындан сырткары ИИМден 300 кызматкер тартылды.

Эске салсак 2024-жылдын 13-январь күнү, Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мукамбеталы аттуу эркек киши дайынсыз жоголгон.

Буга чейин аны издөөгө ӨКМдин 200дөн ашуун куткаруучусу, кинологтор, ИИМден 100дөн ашуун кызматкер тартылып, 17-январдан 23-январга чейин активдүү издөө иши жүргөн. Ошол эле күнү Мукамбеталынын туугандырынын ыраазычылык билдирүүсү менен издөө иши токтотулган. Тилекке каршы жыйынтык болгон эмес.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу