Жаңылыктар

18.01.2024 14:51

   Кароолор: 444

АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫНДА ИЗДӨӨ ИШИНЕ ЧЫККАНДАРДЫН САНЫ 358ге ЖЕТТИ

Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы М уулу М аттуу жаранды издөө ишине чыккандардын саны саат 15:00го карата 358 адамга жетти.

Алардын 187си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары,  Инсараг тобунун 5 куткаруучусу, 27 ыктыярчы, 139 ИИМдин кызматкерлери. Куткаруучулардын курамында 5 кинолог бар.

Издөөчүлөр  ӨКМдин 11 дрону, Инсараг тобунан 4 дрон, ыктыярчылардан 3 жалпы 18 дрон менен иш алып барууда.

Мындан сырткары жалпы 20 техника, анын ичинен 17си ӨКМдики.

Белгилей кетсек  2024-жылдын 16-январь күнү ӨКМге түшкөн маалыматтын негизинде, 14-январдан бери Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 1996-жылы туулган М уулу М аттуу жаранды издөө иши министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу