Жаңылыктар
08.05.2024 13:23
Кароолор: 499
АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫНДА 3 ТУРИСТ ИЗДЕЛҮҮДӨ
Бүгүн, 8-май күнү ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгына "Спорттук туризм федерациясы" коомдук бирикмесинин башчысы Н. Даутов тарабынан кайрылуу түшкөн.
Анда Россия Федерациясынан келген 3 турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына (Теплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Бүгүн аталган туристтерди издөөгө саат 15:45те Аламүдүн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу чыгышты.
Маалыматка ылайык изделип жаткандар 62 жаштагы Е. Л, 58 жаштагы С. Н. жана 62 жаштагы С.Б. аттуу жарандар.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР