Жаңылыктар
19.01.2024 09:10
Кароолор: 464
АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫ. ИЗДӨӨНҮН 3- КҮНҮ.
28-жаштагы Мухаммедаалыны издөөгө 19-январь күнү 312 адам чыкты. Анын 188 и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, курамында кинолог 10 дрон менен ИИМден 120 кызматкер 2 дрон, Инсараг тобунун 4 адиси 2 дрон менен издөө ишин алып барышты. Куткаруучулар капчыгайдын ар бир колотторун топ-топго бөлүнүү менен түрө кыдырып издешүүдө.
Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январды караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.
Тилекке каршы 19-январдагы издөө ишинен натыйжа болгон жок. 20-январь күнү кайрадан уланат.