Жаңылыктар

05.02.2025 18:23

   Кароолор: 953

АЛАМҮДҮН ДАРЫЯСЫНЫН НУГУ ТАЗАЛАНУУДА

Учурда Бишкек шаарын кесип аккан Аламүдүн дарыясы тазаланууда. Тактап айтканда, калаа тургундарынын коопсуздугун сактоо, шаар көчөлөрүн суу каптап, ыңгайсыздык жаратпашы үчүн жасалып жаткан тазалоо иштерин ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Дарыяны кеңейтүү, нугун тазалоо, жээктерин бекемдөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин инженердик техникалары жана Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматтарынын техникалары да тартылган.

Бүгүнкү күнгө Көк-Жар жаңы конушунда Аламүдүн дарыясынан 332 метр куб кум-шагыл тазаланып, 890 метр куб шагыл таштар менен жээги бекемделген. Учурда тазалоо иштери уланууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу