Жаңылыктар

24.02.2025 11:51

   Кароолор: 824

АЛАМҮДҮН ДАРЫЯСЫНАН 22500 КУБ ШАГЫЛ-ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Бишкек шаарындагы Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо жумуштары үстүбүздөгү жылдын 4-февралынан тартып улантылууда.

Жогорку Көк-Жар айылындагы “Кум-Шагыл” курулуш заводу тараптагы тилкеден баштап, бүгүнкү күнгө чейин дарыянын 3200 чарчы метр нугу тазаланды. Андан жалпы 22500 куб шагыл-таштандылар чыгарылды.

Тазалоо иштерине ӨКМден 4 эксковатор, Бишкек шаардык мэриясынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч, 5 Howo жана башка инженердик техникалар тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу