Жаңылыктар

29.11.2024 14:54

   Кароолор: 116

“АЛАМЕДИН” БАЗАРЫНДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНААЛАРГА ТОСКООЛДУКТАР ЖОЮЛУУДА

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусуповдун катышуусунда Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Бишкек шаардык мэриясы жана ИИМ кызматкерлери менен биргеликте борбордогу “Аламедин” базарынын ички жана сырткы жолдорунан өрт өчүрүүчү унаалардын тоскоолдуксуз кирип чыгуусун текшеришти.

Иш-чарага райондук бөлүмдүн №3 ӨККБдөн 1 күжүрмөн эсеп жана өрт-өчүрүүчү унаа тартылды. Текшерүүнүн негизги максаты – өрт кырсыгы катталган учурда өрт-өчүрүүчү унаалардын тоскоолдуксуз кирип чыгуусун камсыз кылуу.

Жыйынтыгында кээ бир түйүндөрдө тоскоолдук жараткан соодагерлердин жолго чыгып кеткен товарлары алынып, эскертүүлөр берилди. Андан тышкары Свердлов районунун куткаруучулары соодагерлерге өрт коопсуздук эрежелери, өрт кырсыгынын кесепеттери тууралуу түшүндүрүп, өрт өчүрүүдө алгачкы шаймандарды колдонуу эрежелерин иш жүзүндө көрсөтүп беришти.

Ошондой эле соодагерлерге кырсык катталган учурда 101 өрт өчүрүү кызматына жана 112 бирдиктүү байланыш номерлерине чалуу керектиги эскертилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу