Жаңылыктар
19.12.2024 21:02
Кароолор: 180
АЛАЙДА ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн 19-декабрда саат 20:52де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР