Жаңылыктар

22.04.2024 13:12

   Кароолор: 285

АЛАЙДА СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 105 АДАМ ТАРТЫЛДЫ

Үстүбуздөгү жылдын 20-апрелинен тартып 22-апрелине чейин жааган жамгырдан Гүлчө – Жошолу жолунун 3-7-чакырымы убактылуу жабылган. Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында 5 үйдүн, 1 мектептин жертөлөсүнө сел кирип жана 7,2 гектар огородду сел басып, 6 ички чарбалык жол убактылуу жабылган.

Бүгүн 22-апрелде селдин кесепеттерин жоюу иштери кайрадан уланды. ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнөн 15 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 50, жергиликтүү бийликтен 10, тургундардан 20, ИИБ кызматынан 10, жалпысынан 105 адам тазалоо иштерине чыгышты. 2 мотопомпа, 2 жүктөгүч, 3 жүк ташуучу унаа,1 экскаватор, 1 грейдер.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу