Жаңылыктар
06.05.2025 14:15
Кароолор: 86
АЛАЙДА 4 БАЛЛга ЖЕТКЕН ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн 6-майда саат 14:08де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4, Кара-Киндик, Нура айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР