Жаңылыктар

29.04.2026 19:39

   Кароолор: 175

АЛАЙ РАЙОНУНУН ГҮЛЧӨ ШААРЫНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөргө жана социалдык объекттерге зыян келтирилген.

Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда. Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч-каражаттары, жергиликтүү кызматтар жана тургундар тартылган.

Координациялоо иштерин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов жүргүзүүдө. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жеринде болуп, тиешелүү тапшырмаларды берүүдө.

https://www.facebook.com/share/v/17RY3viqzm/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу