Жаңылыктар

28.04.2026 19:34

   Кароолор: 128

Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларды сел каптады

2026-жылдын 27-28-апрелдеринде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Гүлчө шаарынын мэриясы тарабынан 2026-жылдын 28-апрелинде №01-12/83 буйругу менен “Өзгөчө кырдаалдар” режими киргизилди.

КР ӨКМ тарабынан кырсык болгон аймакка жалпы 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника тартылган. Мындан сырткары, Алай райондук жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тиешелүү мекеме-уюмдардан жана жергиликтүү тургундардан жалпы 388 адам, 27 техника жана 5 мотопомпа тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, сел суулары 92 турак жайга (анын ичинде 17 жер төлөөгө, 71 короого жана 4 чарбалык курулушка) жана 2 социалдык объектке (мектеп) кирген.

Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери улантылууда. Саат 22:20га карата 25 турак жай сел калдыктарынан тазаланып, анын ичинде 6 жер төлөө жана 19 короо тазаланды.

Жеринде тиешелүү кызматтар тарабынан абалды турукташтыруу жана калкка жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

​Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жеке көзөмөлүндө.

​Жеринде координациялоо үчүн министрдин орун басары, полковник Искендер Сулайманов окуя болгон аймакта жүрөт.

https://www.facebook.com/share/v/14Zw2LQfjpD/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу