Жаңылыктар

02.07.2026 10:18

   Кароолор: 12

АЛАЙ-КУУДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

2026-жылдын 1-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алай-Куу айыл аймагынын Терек жана Коо-Чаты айылдарында кокту-колоттордон түшкөн сел суулары турак үйлөрдүн ичине, короо-жайларына жана чарбалык курулуштарына кирген.

Ошондой эле ДЭП-26 мекемесине караштуу Терек айылына баруучу унаа жолу убактылуу жабылган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2026-жылдын 2-июль күнү саат 04:30да жол бир тараптуу ачылып, унаа кыймылы калыбына келтирилди.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Мусаев Эрланбек Эшбаевич жана Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Талант Тойчиевич тарабынан ыкчам штаб уюштурулуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Кесепеттерди жоюу иштерине жалпы төмөнкүдөй күч жана каражаттар тартылды:

- КР ӨКМдөн – 50 кызматкер, 3 даана кичи автожүктөгүч жана 2 даана атайын техника. Анын ичинде: РӨКОнун 30 куткаруучусу жана 3 даана кичи автожүктөгүчү, Кара-Кулжа райондук ӨКБдөн 18 кызматкер, Ош облусу боюнча башкармалыктан 2 кызматкер;

- ДЭП-26 мекемесинен – 2 даана автожүктөгүч, 1 даана автогрейдер жана 1 даана атайын техника;

- Алай-Куу айыл аймагынан – 1 даана автожүктөгүч жана 1 даана экскаватор;

- Кара-Кулжа райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү тургундардан – 30 адам.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Ош облусу боюнча башкармалыгы

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу