Жаңылыктар
20.08.2026 15:04
Кароолор: 103
АЛА-ТОО РЕЗОРТ ТОО ЛЫЖА БАЗАСЫНДА КАР КӨЧКҮ СТАНЦИЯ КУРУЛУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 19-20-август күндөрү Ысык-Көл облусунда жүрүп жаткан бир катар курулуштардан кабар алды.
Алсак, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо резорт" тоо лыжа базасынын аймагында кар көчкү станциянын курулушу жүрүүдө. Жеринде эки автоматтык метеорологиялык станция жана кызматкерлер үчүн имарат курулат. Бул кар көчкү станциясы туризмдин жүрөгүнө айлана турган аймактагы коопсуздукту алдын алып, кар көчкүнү, аба ырайын так аныктоого шарт түзөт. Министр жеринде курулушту өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү талабын койду.
Ал эми облустун Түп районунун Кең-Суу айылында жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулушу башталды. Замапбап ӨККБнын имаратында өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам иштөөсү үчүн бардык шарттар каралат. Өз кезегинде Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Р. Сарымсаков ошондондой эле Каркыра айыл аймагынын башчысы Т. Черикбаев ыраазычылык билдиришти.
Министр мындан сырткары Ысык-Көл районунун Темир айылында 200дөн ашуун турак үй, айдоо аянттарын жана Бишкек — Каракол унаа жолунун 600 метр нугун коргой турган сел өтүүчү каналдын ошондой эле Ананьево айылындагы №33 жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулуш ишинин жүрүшүнөн кабар алды.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ