Жаңылыктар
23.12.2023 09:29
Кароолор: 2764
АЛА-ТОО АЯНТЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЖАСАЛГАЛАРДЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов жетектеген райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн башчылары, министрликтин өрттү көзөмөлдөө кызматынын жана "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери биргеликте Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык жасалгалардын өрт коопсуздугун текшерип, түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.
Анда аянттагы көздүн жоосун алган балатылар, жарыктар, гриляндалар, түстүү жаркырактардын талапка ылайык орнотулушу, электр чубалгылары, жол жээгиндеги тез татымдардагы газ баллондордун абалы текшерилди.
Ошондой эле ӨКМдин адистери убактылуу орнотулган тамак сатуучу жайдын ээлерине түшүндүрүү ишин жүргүзүшүп, нускамаларды да таратышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлер эрежеге ылайык орнотулбаган газ баллондорду жана электр энергиясын өткөргүчтөрдү аныкташып, тез арада жоюу боюнча акты түзүлүп, тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР