Жаңылыктар

14.04.2025 18:27

   Кароолор: 1131

АЛА-БУКАДАГЫ СЕЛ ЭКИ УНААНЫ ЖАНА ЭКИ КӨПҮРӨНҮ АГЫЗГАН

Такталган маалымат боюнча бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүрүп, 2 ички автоунаа өтүүчү көпүрөнү жана 2 жеңил автоунааны сел агызызганы аныкталды.

Жабыр тарткандар жок.

Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2 оор инженердик техника тартылып, ички жоллор калынбына келтирилип, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарына баруучу жол эки тараптуу ачылды.

Жерине тактоо жумуштары Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тарабынан жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Бекболот Сабырбеков

ӨКМдин Ала-Бука району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу