Жаңылыктар
07.03.2025 16:18
Кароолор: 158
АЛА-БУКА – ЖАҢЫ-БАЗАР – КИРОВКА УНАА ЖОЛУНА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮП, ЖОЛ ЖАБЫЛДЫ
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 74-чакырым аралыгында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу бүгүн, 7-март күнү саат 15:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди.
Ошондой эле аталган унаа жолдун 85-87 чакырым аралыгына жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымына чейинки аралыктарында кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралып жаткандыктан, тиешелүү мекемелерди күчөтүлгөн режимге өткөрүү максатында Чаткал районунун акиминин №62-б буйругунун негизинде аба ырайы турукташканга чейин чектөө киргизилди.
34-101-чакырымдарында ИИМ кызматкерлери тарабынан атайын посттор уюштурулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР