Жаңылыктар

23.01.2025 01:34

   Кароолор: 770

АЛА-БУКА - ЖАҢЫ-БАЗАР - КИРОВКА УНАА ЖОЛУ КАР КҮРТКҮДӨН ТАЗАЛАНЫП АЧЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 155-160-чакырым аралыктарында катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол убактылуу жабылган.

Жерине Чаткал райондук №81 ӨКБдан 2 офицер жана район акиминин орун басары тартылып, №27 ЖТИнин 1 грейдери жолду тазалоо иштерин жүргүздү. Натыйжада жол толук тазаланып ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыттары боюнча жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу