Жаңылыктар
14.04.2025 17:45
Кароолор: 826
АЛА-БУКА РАЙОНУНДА СЕЛ ЖҮРДҮ
Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында алдын ала маалымат боюнча болжол менен саат 15:30 чамасында мөндүр аралаш жамгыр жааган.
Андан улам кокту-колоттордон сел суулары түшүп, 1 турак үйдүн короосун сел суулары каптаган жана “ВАЗ 2017” үлгүсүндөгү автоунааны сел агызып келип, көпүрөнүн жогору тарабына токтоп калган.
Аталган аймакка ӨКМдин Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөрүн эскерткен. Ошону менен катар ӨКМ жетекчилиги тарабынан сел өтүүчү арык-каналдарды тазалап, жергиликтүү бийлик менен коркунуч жараткан суу жээктерин бекемдөө жумуштарын күчөтүү жумуштарын алып баруу тапшырмасы коюлган.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР