Жаңылыктар
06.05.2026 20:45
Кароолор: 568
АЛА-АРЧАДА ЖАБЫРКАГАН ЭКИ ЯПОН ЖАРАНЫ КУТКАРЫЛДЫ
ӨКМдин “112” кызматына Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан «Пик Корона» хижинасынан жардам сурап эки япон жараны кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн. Алардын биринин абалы начарлап кеткендиги айтылган.
Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Тоо-куткаруу отрядынан 8 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар «Пик Корона» хижинасына жетип барып, жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Экинчи жарандын абалы туруктуу деп бааланган.
Натыйжада эки чет өлкөлүк жаран тең тоодон түшүрүлүп, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилген.