Жаңылыктар

17.05.2026 10:20

   Кароолор: 147

АЛА-АРЧАДА КУТКАРУУЧУЛАР ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ

2026-жылдын 16-май күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча жаратылыш паркынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан “Хижина Рацека” лагеринде 1990-жылы туулган Сингапур мамлекетинин жараны Р.Х. аттуу аял бутун кокустатып алып, жардам сурап кайрылган.

Окуя болгон жерге Ала-Арча паркында нөөмөттө турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоо-кен куткаруу отрядынан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, коопсуз түрдө тоодон түшүрүштү.

КР ӨКМ жарандарды жана туристтерди тоолуу аймактарда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

☎️ Өзгөчө кырдаал жаралган учурда же жардам керек болгондо 112 кызматына кайрылыңыздар. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу