Жаңылыктар
17.05.2026 10:20
Кароолор: 140
АЛА-АРЧАДА КУТКАРУУЧУЛАР ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ
2026-жылдын 16-май күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча жаратылыш паркынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан “Хижина Рацека” лагеринде 1990-жылы туулган Сингапур мамлекетинин жараны Р.Х. аттуу аял бутун кокустатып алып, жардам сурап кайрылган.
Окуя болгон жерге Ала-Арча паркында нөөмөттө турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоо-кен куткаруу отрядынан 5 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, коопсуз түрдө тоодон түшүрүштү.
КР ӨКМ жарандарды жана туристтерди тоолуу аймактарда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда же жардам керек болгондо 112 кызматына кайрылыңыздар. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.