Жаңылыктар

08.07.2025 09:10

   Кароолор: 112

АЛА-АРЧА ПАРКЫНДАГЫ КУТКАРУУЧУЛАРГА 2 АЙДА 232 ЖАРАН КАЙРЫЛГАН

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен жаратылыш паркына куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулуп, 1-майдан бүгүнкү күнгө чейин 232 жаран кайрылган.

Тагыраагы, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан атайын куткаруу тобу жана фельдшер кызматкери жаратылыш коругунда элдин коопсуз эс алуусун камсыз кылып келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кооз жерлеринде эс алып жаткан жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого жана кандай гана кырдаал болбосун 112 кыска номери аркылуу кайрылууга болорун эскертет.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу