Жаңылыктар
20.05.2024 10:27
Кароолор: 920
АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫНДА БУТУН КОКУСТАТЫП АЛГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТУРИСТ АЯЛ КУТКАРЫЛДЫ
Кечээ Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук ӨКБнын 4 куткаруучусу чыгышкан.
Куткаруучулар тоодо жабыркаган аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Андан соң тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда чет өлкөлүк туристтин абалы каанаттандыралык.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР