Жаңылыктар

10.09.2024 16:21

   Кароолор: 471

АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫНАН ТУРИСТТЕР КУТКАРЫЛДЫ

9-сентябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынан түшүп келе жаткан 5 туристтин бири бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 16:00дө Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар токтобостон 10-сентябрда караган түнү менен деңиз деңгээлинен болжол менен 2800 метр бийиктиктеги тоодон атайы шаймандардын жардамы менен 1988-жылы туулган Т. А. аттуу аял кишини алып түшүп, күндүз саат 14:25те тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аталган турист Казакстан Республикасынын жараны болгон. Ал эми калган 4 турист жабыркаган эмес.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу