Жаңылыктар
16.12.2023 11:44
Кароолор: 700
АЛА-АРЧА ДАРЫЯСЫНЫН СУУСУ КАПТАГАН ЖЕРЛЕР ТАЗАЛАНУУДА
АЛА-АРЧА ДАРЫЯСЫНЫН СУУСУ КАПТАГАН ЖЕРЛЕР ТАЗАЛАНУУДА
ЖЕРИНДЕ ӨКМ ЧАТЫР ТИГИП, ТЕХНИКАЛАР ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнүн күн батыш тарабында (Донецкий көчөсүнө жакын) Ала-Арча дарыясынын нугу музга толуп, суулар ашып мечиттин жана унаа сатуучу салондун короолорун, унаа жолду кар аралаш суулар каптаган.
Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 1 экскаватор, 2 Хово тартылып, тазалоо ишин жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары түнү менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн чатыр тигилип, ысык чай уюштурулду.
Тазалоо ишине ошондой эле "Тазалык" ишканасы, "Бишкек Суу канал" "Бишкек жашыл чарба" ишканасы "Бишкек "Бишкекжылуулукэнерго" "Бишкекасфальтсервис" ишканасынан жалпы 31 техника жана 50дөн ашуун кызматкер тартылып, тазалоо иш чараларын аткарууда. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР