Жаңылыктар
02.12.2024 16:49
Кароолор: 376
АКЫЛБЕК МАЗАРИПОВ ЖАЛАЛ-АБАДДА КООПТУУ ТИЛКЕЛЕРДИ ТЕКШЕРҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов бүгүн, 2-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорун жана Жалал-Абад шаарын аралап өткөн Көк-Арт, Кара-Дарыя, Кара-Үңкүр дарыяларындагы кооптуу тилкелерди жеринен көрүүдө.
Министрликтин алдындагы Сел жана суу ташкындарынан коргоо департаменти жана ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан сунушталган объекттер менен таанышкан Акылбек Мазарипов, дарыя жээгине жакын жайгашкан калктуу конуштарды коргоо башкы максат экенин баса белгиледи.
Муну менен катар министрдин орун басары атайын түзүлгөн комиссия менен келерки жылга капиталдык курулуш жана авариялык калыбына келтирүү жумуштарына сунушталган аймактарды талкуулашты. Тиешелүү аймактардын доолборлору даярдалып, дарыялардын оң жана сол жээктерин бекемдөө жумуштары жаз айында башталмакчы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР