Жаңылыктар

16.02.2026 18:37

   Кароолор: 135

АКЫЛБЕК МАЗАРИПОВ АБРдин ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов бүгүн, 16-февралда Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Аталган жолугушууда тараптар «Экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү» долбоору, концепциясы жана ийгиликтүү ишке ашыруу мөөнөтү талкууланды.

Министрдин орун басары Кыргызстанда токойлорду жакшыртуу аркылуу өлкөнүн жаратылыш ресурстарын туруктуу өнүктүрүү үчүн гана эмес, климаттын өзгөрүшүнө карата аракеттерди көрүү үчүн да стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Бул долбоордун негизги максаты – мөмө-жемиш токойлорун сактоо, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу, экосистемалардын туруктуулугун жана айыл калкынын жашоо булактарын жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу