Жаңылыктар

24.04.2024 09:23

   Кароолор: 102

АКСЫНЫН АЙРЫМ АЙМАКТАРЫНДА СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИ ЖОЮЛУУДА

Жалал-Абаддын Аксы районундагы айрым айылдарда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел каптаган Алдын ала маалымат боюнча, кечээ саат 18:30-19:30 чамаларында жааган жаандан Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын,

Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолунун 3-чакырымына кум-шагыл аралаш сел суулары жүргөн. Мындан улам унаалардын каттоосуна кыйынчылык жаралган.

Ал эми Кара-Суу айылынын Бөктөр тилкесинде Топ-Жаңгак – Кара-Суу унаа жолунун 3-чакырымына, Кызыл-Туу айылындагы Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолун, Жаңы-Айылда 1 турак үйдүн чарбагын, ички чарбалык жолун кум-шагыл аралаш селге толгон.

Жерине маалыматты тактоо жана селдин кесепеттерин жоюуга облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Аксы райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, 3 куткаруучу, 1 мотопомпа, Кара-Камыш айылынан 1 жүктөгүч, 5 кызматкер, №12 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды.

Сел кесепеттерин жоюу иштери туурасында кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу