Жаңылыктар

14.04.2025 19:44

   Кароолор: 130

АКСЫДА СЕЛ ЖҮРҮП, УНАА ЖОЛОРДУ КАПТАДЫ

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 14-апрелде саат 16:00 чамасында Кара-Камыш айыл аймагынын Жоон-Төбө жана Долоно жайлоолоруна мөндүр аралаш жаамгыр жаап, анын кесепетинен сел жүргөн.

Каракаш сайынан сел түшүп, Кербен–Кара-Жыгач–Кызыл-Көл унаа жолунун (чакырымы такталууда) болжол менен 50 м аралыгын суу каптап, сел калдыктарына толтургандыгы тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн.

Жерине айыл аймактын жарандык коргонуу комиссиясы жана №12 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөрүн эскерткен. Ошону менен катар ӨКМ жетекчилиги тарабынан сел өтүүчү арык-каналдарды тазалап, жергиликтүү бийлик менен коркунуч жараткан суу жээктерин бекемдөө жумуштарын күчөтүү жумуштарын алып баруу тапшырмасы коюлган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу