Жаңылыктар
03.06.2025 18:12
Кароолор: 196
АКСЫ РАЙОНУНДА ДАРЫЯ ЖЭЭКТЕРИ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Атайын алын алуу жана кесепетерин жоюу” иш мерчеминин алкагында Жалал-Абад облусунун аймагындагы кооптуу тилекелерде сел кырсыгынын алдын алуу, турак жайлардагы кооптуулукту жоюу, айыл чарба жерлерин селден сактап калуу иштери жүрүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 10 инженердик техника тартылып, дарыя жээги бекемделүүдө.
Авариялык калыбына келтирүү иш-чаралардын алкагында Кара-Камыш айыл өкмөтүндөгү Кара-Суу дарыясынын оң жээгинен 300 метр аралыгынын тулкусу көтөрүлүп, аскалуу таш менен бекемделүүдө.
Мындан сырткар аталган дарыянын сол жээгинен 80 метри да аскалуу таштар менен бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР