Жаңылыктар

15.05.2025 09:38

   Кароолор: 456

АК-ТАЛААДА ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАН ДАГЫ 21 ҮЙ АНЫКТАЛДЫ

Нарын облусунун аймагында 12-май күнү катталган жер титирөөдө жабыркаган Ак-Талаа районундагы турак үйлөрдү, социалдык объектилерди иликтөө боюнча райондук Жарандык коргонуу комиссиясы кечээ, 14-майда 21 турак үйдүн дубалдарынан жарака кеткенин аныктады:

- Тоголок-Молдо айыл аймагындагы Жаңы-Талап айылында 1 турак үй; Ак-Кыя айылында 5 турак үй; Кадыраалы айылында 1 турак үй; Кара-Ой айылында 2 турак үй; Ак-Тал айылында 10 турак үй;

- Баетов айыл аймагындагы Баетов айылында 1 турак үй; Байгончок айылында 1 турак үй. (жалпы 21 турак үйдөн 1 турак үй камсыздандырылган, калганы камсыздандырылган эмес).

Жалпы комиссия тарабынан 116 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үй, 1 бала-бакча, 1 китепкана жана 1 дүкөн техникалык абалына карата визуалдык кароолордон өткөрүлдү. Анын ичинен 47 турак үй камсыздандырылса, 69 турак үй камсыздандырылган эмес.

Иликтөө иши дагы улантылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу