Жаңылыктар

26.01.2024 11:34

   Кароолор: 316

АК-ТАЛААДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТООНУ АДИСТЕР ЭСКЕРТИШТИ

ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын Ак-Талаа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн офицерлери Ак-Талаа районунун аймагындагы мекемелерге өрт кырсыктарын алдын алууга үгүт жүргүзүштү.

Кечээ, 25-январда Ак-Талаа районунун М.Баетов айыл өкмөтүнүн, Ак-Талаа райондук Прокуратурасынын кызматкерлерине жана Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин, Балдарга билим берүү борборунун эмгек жааматтарына жана окуучуларга өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы, алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу жана өрт кырсыктарынын алдын алуу тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары адистер табият кубулуштарынан пайда болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн алып жүрүүнү, башкаларга жардам көрсөтүү, эвакуация жүргүзүү эрежелерин да түшүндүрө кетишти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу