Жаңылыктар

20.09.2024 17:05

   Кароолор: 270

АК-ТАЛААДА БАЛА БАКЧА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ӨРТТӨН САКТАНУУНУ ҮЙРӨНҮШТҮ

Бүгүн, 20-сентябрда ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө башкармалыгынын Ак-Талаа району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Баетов айылындагы “Алтын-Муун” балдар бакчасында өрт тактикалык машыгуу өткөрдү.

Машыгуу Нарын облусунун аймагында "Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүн өткөрүү" жөнүндө буйругу менен бекитилген иш-чаралар планынын негизинде өтүп, бала бакчанын тарбиячылары арасында түзүлгөн ыктыярдуу өрткө каршы кошуундун эвакуация учурундагы иш-аракеттерине баалоо жүргүзүлдү.

Ошондой эле өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана ар кандай өзгөчө кырдаалдар катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары бала бакчанын кызматкерлерине жана тарбиялануучуларына өрттөн куткаруу шаймандары тааныштырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу