Жаңылыктар
21.01.2024 10:06
Кароолор: 427
АК-СУУДА ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бүгүн, 21-январь күнү Ак-суу районунун Жыргалаң айылындагы Комсомоль көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы жөнүндө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 7-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводуна маалымат берилген. Жерине аталган взводдон 4 куткаруучу саат 07:47де чыккан болсо, Ак-суу районунун №39 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп саат 08:06да тартылган.
Тилсиз жоо саат 10:32де толук өчүрүлдү. Ал эми турак үйдөн чыккан жалын сарайга да өтүп, өрттүн жалпы ээлеген аянты 110 чарчы метрге жеткен. Күйгөн тактайлар куткаруучулар тарабынан чыгарылган. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР