Жаңылыктар

04.08.2026 15:51

   Кароолор: 54

АК-СУУ ЖАНА АНАНЬЕВО АЙЫЛДАРЫНДА ЖАҢЫ ӨРТ-КУТКАРУУ БӨЛҮКТӨРҮНҮН ИМАРАТТАРЫНЫН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштерди ырааттуу жүргүзүп келет.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылында жаңы №39 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратынын курулушу соңуна чыгып, учурда анын даярдыгы болжол менен 97 пайызды түзөт. Жакынкы убакытта объект пайдаланууга берилет.

Ошол эле учурда Ананьево айылында жаңы №33 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараты курулууда. Ал 1959-жылы салынган азыркы эски имараттын ордун алмаштырат. Учурда курулуш аянтында негизги бетон куюу иштери толугу менен аяктады.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар кайсы аймактарында ӨКМдин жалпы 17 жаңы объектиси бир мезгилде курулуп жатат. Заманбап өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн пайдаланууга берилиши куткаруучулардын кызмат өтөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам аракет көрүү мүмкүнчүлүгүн дагы да жогорулатат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу