Жаңылыктар
12.12.2023 12:34
Кароолор: 420
АК-СУУ РАЙОНДУК КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУНДА МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары Калкты тейлөө борборунда өрт-тактикалык машыгуусун өткөрүштү..
Машыгуунун сценарийине ылайык өзгөчө кырдаалдар катталган мекеменин адистерин, кардарларын эвакуациялоо пландаштырылып, куткаруучулар жабыркагандарды коопсуз жайга чыгарышкан.
Ошондой эле куткаруучулар мекеменин кызматкерлерине тилсиз жоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, практика жүзүндө өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу ыкмаларын үйрөүштү. Мындай машыгуулар буга чейин райондук мектептерде жана бала бакчаларда өткөрүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР