Жаңылыктар
23.06.2025 14:54
Кароолор: 281
«АК-ШУМКАР-2025»: КЫРГЫЗСТАНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МАШЫГУУЛАР БАШТАЛДЫ
Бүгүн Бишкекте КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан “Ак-Шумкар – 2025” эл аралык машыгуунун расмий ачылышы болуп өттү. Машыгуу министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жетекчилиги алдында 2025-жылга Жарандык коргонууга даярдык планынын алкагында жүрүүдө.
Эл аралык машыгуунун расмий ачылыш салтанатында сөз сүйлөгөн министрдин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов ӨКМдин атынан катышуучуларды куттуктап, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын күчөтүүгө багытталган иш-чарага активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.
Эл аралык машыгууга КР Коргоо министрлигинин, КР Чек ара кызматынын бөлүмдөрү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын, АКШнын Улуттук гвардия бюросунун, Батыш Вирджиния штатынын Улуттук гвардиясынын (аба бөлүгү) өкүлдөрү катышууда.
Анда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө бардык тартылган мамлекеттик (Жарандык коргонуу кызматтарынын) түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнө, жабыркаган калкка медициналык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде аэромедицинаны колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, “Ак-Шумкар-2025” машыгуулары мамлекеттик органдардын даярдык деңгээлин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын ачыктыгын көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР