Жаңылыктар
18.10.2024 15:34
Кароолор: 232
АК-САЙДА ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОН ҮЧҮНЧҮ ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ак-Сайда көчкүдөн улам дайынсыз болгон жарандарды издөө иштерин улантууда.
Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз деп табылган 5 жарандын ичинен үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди. Калган үч жаранды издөө иштери дагы эле уланууда.
Куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы, куткаруучулар жана атайын техникалар тартылган. Жергиликтүү тургундарга жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө зарыл колдоо көрсөтүлүп, издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР