Жаңылыктар
18.10.2024 15:16
Кароолор: 914
АК-САЙДА ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОН 5 ЖАРАНДЫН ИЗДӨӨ ИШТЕРИНЕ КОШУМЧА КУТКАРУУЧУЛАР ТАРТЫЛДЫ
Саат 13:00дө окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт адамдан турган куткаруучу топ жеткирилди.
Коопсуздукту камсыздоо максатында алар үч адамдан турган звенодо иштеп, ар бирин коргоочу аркандары менен байланыштырып, иш алып барышууда. Жеринде аба ырайын көзөмөлдөө кызматкерлери (Гидромет) кар көчкү түшүү коркунучун баалап, куткаруучулар үчүн коопсуз жайгашуу аймактарын көрсөтүп берүүдө.
Жакын аралыкта дагы эки топ жөнөтүлүп, бардык коопсуздук чараларын сактоо менен калган жарандарды издөө иштери улантылат.
Аймакта дагы деле кар көчкү түшүү коркунучу өтө жогору бойдон. Куткаруу иштери өтө кооптуу зонада жүргүзүлүүдө.
Тик учак алдын ала эки жолу айланып учуп, коопсуз конуу жерин жана убактылуу лагерь жайгаштырууга ылайыктуу жерлерди аныктады. Азыркы учурда аба ырайы куткаруу иштерине ыңгайлуу болууда.
Эске салсак, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынан 14 тургун жана бир чет элдик жаран Эндик сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырларын издөө үчүн тоого чыгып, дайынсыз жоголгон. 16-октябрда ыкчам-издөө иштери натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган. Бүгүн издөө иштеринин жүрүшүндө бир жаран каза болгон абалда табылды. Калган беш адамды издөө иштери улантылууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР